АКШ Украинаны курал менен камсыздоого 322 миллион доллар бөлдү
АКШнын Тышкы иштер министрлиги Украинаны курал-жарак менен камсыздоого 322 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул каражат Украинанын аба коргонуу жөндөмүн күчөтүү жана брондолгон техника менен камсыздоо үчүн берилет. Андан 150 миллион доллар брондолгон машинелерди алуу, тейлөө жана модернизациялоого, 172 миллион доллар болсо абадан жерге ракета системдерине кетет.
АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рутте менен сүйлөшүп, Украинаны курал менен колдоо боюнча макулдашкан. НАТО өлкөлөрү да бул жардамдын чыгымдарын төлөйт.
"АКШнын мындай чечими абдан маанилүү. Мен Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Украинага аскердик жардам көрсөтүү үчүн жүктөрдү даярдайм",- деди Рутте.
