Нью-Йорктогу асман тиреген имараттын 70-кабатында лифтте аял калып калган

55 жаштагы Максин Малколм Нью-Йорктогу асман тиреген имараттын 70-кабатында лифтте тыгылып калган жана аял анын натыйжасында травмадан кийинки стресстен жабыркаганын айтууда.
Британиялык The Independent басылмасы билдиргендей, Малколм сотко кайрылып, травма үчүн компенсация талап кылууда.
Ал 30 жыл бою Эмпайр Стейт Билдингге экскурсияларды өткөргөн. Гид туристтерди 86-кабатта жайгашкан обсервация аянтына алып барган.
Малколм окуядан кийин лифтке чыга албай коркуп калганын айткан. Ал лифт өндүрүүчү Otis компаниясына каршы доо арыз менен кайрылган.
Эмпайр Стейт Билдинг Манхэттен аралында жайгашкан. 1930-жылдары курулган 102 кабаттуу кеңселик асман тиреген имарат АКШнын улуттук тарыхый эстеликтеринин тизмесине киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.