super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга токойдогу өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркия Республикасынын Эскишехир провинциясындагы токойдо болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы токой өрттөрүн алдын алуу жана өрт менен күрөшүү ишинде жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирем”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Басылмалардын маалыматтарына ылайык, Түркиядагы токой өрттөрүнөн кеминде 10 адам каза болду. Учурда бийлик өкулдөрү өрттүн келип чыгуу себептерин изилдеп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: