super.kg logo

Индияда жасалма элчилик ачкан шылуун кармалды

 

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Газиабад шаарында жасалма элчилик уюштурган шылуун кармалды. Ал өзүн "башкы элчи" катары тааныштырып, көптөгөн адамдарды алдап келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Харш Вардан Жайн аттуу киши ижарага алынган үйдү ойдон чыгарылган мамлекеттер (West Arctica, Saborga, Poulvia жана Lodonia) үчүн элчилик катары колдонуп келген. Ал жасалма дипломатиялык номерлерди, документтерди жана паспортторду даярдап, өзүн эл аралык деңгээлдеги дипломат катары көрсөтүп, элди ишендирген.

Текшерүү учурунда:

  • 4 жасалма дипломатиялык номер тагылган кымбат автоунаа,
  • 12 жасалма дипломатиялык паспорт,
  • Индиянын ТИМине окшош жасалма документтер,
  • 34 өлкөгө таандык деп көрсөтүлгөн мөөр,
  • 44,7 лак рупий (4,6 миллион сомдон ашык) акча жана чет элдик валюталар
    табылган.

Мындан тышкары, Жайн фотошоп менен жасалган сүрөттөрдү колдонуп, өзүн Индиянын жана дүйнөлүк лидерлер менен байланышы бардай көрсөтүүгө аракет кылган.

Тергөөчүлөр Жайн чет өлкөлүк жумуш сунушу жана бизнес байланышы аркылуу элди алдап, акчаны мыйзамсыз которуу схемасын колдонгон болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Учурда бул иш боюнча кошумча иликтөө башталып, башка шектүүлөр да изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: