Казакстанда алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү сунушталды
Казакстанда алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү сунушталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, демилгечилер алкоголдук продукцияны кечки саат 20:00дөн кийин сатууга тыюу салууну жана дем алыш күндөрү сатууну толугу менен токтотууну сунуштап жатышат. Мындай чаралар калктын саламаттыгын коргоо жана спирт ичимдиктеринен көз карандылыкты азайтуу максатын көздөйт.
Учурда бул сунуш коомдук талкууда жана расмий чечим кабыл алына элек.
Демилге өлкөнүн Ички иштер министрлигине таандык. Белгиленгендей, алкоголдук продукцияны сатууну тартипке салуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мындан тышкары, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында спирт ичимдиктерин колдонуу фактыларына каршы күрөшүү да максат кылынууда.
Белгилей кетсек, Казакстанда алкоголду сатууга байланышкан чектөөлөр 2014-жылдан тарта күчөтүлө баштаган. Ал жылы 21:00дөн 12:00гө чейин дүкөндөрдө катуу спирт ичимдиктерин, ал эми 23:00дөн 08:00гө чейин жеңил алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салынган. 2020-жылы алкоголду 21 жашка чейинки жарандарга сатууга тыюу киргизилген. 2024-жылы болсо коомдук тамактануу жайларында спирт ичимдиктерин сатууга 02:00дөн кийин чектөө киргизүү өңдүү жаңы сунуштар талкууланган.
