super.kg logo

Изилдөөчүлөр күнүмдүк 7 миң кадамдын ден соолукка пайдасын айтышты

 

Күнүнө 7 миң кадам басуу мээнин иштешин жакшыртып, жүрөк, рак, депрессия жана деменция сыяктуу оорулардын тобокелдигин азайтат. Бул тууралуу Lancet Public Health журналында жарыяланган илимий изилдөөдө айтылат.

Изилдөөнү жүргүзгөн доктор Мелоди Дингдин айтымында, "күнүнө 10 миң кадам басуу керек" деген түшүнүк милдеттүү эмес.

Адамдар ар кандай узундуктагы кадам менен жүргөнү үчүн 10 миң кадам баарына бирдей эмес. Изилдөөдө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 160 миңден ашуун адамдын саламаттыгы жана күнүмдүк кыймылы талданып, төмөнкү жыйынтыктар аныкталды:

  • Жүрөк ооруларынын тобокелдиги 25 пайызга азайган;
  • Деменция (эстен тануу) 38 пайызга;
  • Депрессия 22 пайызга;
  • Рак 6 пайызга төмөндөгөн.

Ал эми жүрөк саламаттыгы үчүн 7 миңден ашык кадам басуунун кошумча пайдасы бар экени да кошумчаланат. Ошондой эле изилдөөчүлөр күн сайын кыймылда болууну баса белгилешип, "сан эмес – кыймыл маанилүү" дешет.

Лондондун жанындагы Дорсет аймагында жашаган 64 жаштагы Жон Страйд күн сайын басуунун өзүнө оң таасир бергенин айтты.

"Ачык абада басуу – бул ден соолукка жана жан дүйнөгө пайда. Көп баскан сайын өзүңдү жакшы сезип, дагы баскың келет",- деди ал.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо, күнүмдүк кадам санынан көрө, жумасына 150 мүнөт орточо интенсивдүү кыймыл же 75 мүнөт жогорку интенсивдүү активдүүлүктү сунуштайт.

Адистердин пикиринде, "10 миң кадам" бардыгы үчүн реалдуу эмес, ал эми 5-7 миң кадам - элге жеткиликтүү, ошол эле учурда пайдалуу көрсөткүч.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: