АКШ Украинага 330 миллион долларлык аскердик жабдууларды сатууну жактырды
АКШнын Мамлекеттик департаменти Киевге 330 миллион долларлык аскердик жабдуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну жактырды. Бул тууралуу Пентагондун Коргоо коопсуздук жана кызматташтык агенттиги расмий билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бул сумма эки бөлүккө бөлүнгөн:
- 180 миллион доллар АКШдан мурда алынган абадан коргонуу системдерин тейлөөгө, жаңылоого жана аларды колдонууга үйрөтүүгө жумшалмакчы.
- Калган 150 миллион доллар болсо америкалык M109 үлгүсүндөгү артиллериялык техникаларды оңдоп-түзөө жана модернизациялоо иштерине каралган.
Агенттик билдиргендей, бул келишим Украинага учурдагы жана келечектеги коркунучтарга каршы турууга жардам берет. Документ АКШ Конгрессине да жөнөтүлүп, мыйзамга ылайык, 15 күн ичинде каршы пикир айтылбаса, келишим расмий күчүнө кирет.
Эске салсак, кечээ 24-июлда, АКШ Мамлекеттик департаменти Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө жана зооттолгон техника берүү максатында дагы 322 миллион долларлык курал-жарак сатууну да жактырганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.