super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Жигит ал жерде үшүп, коркуп отурган экен..."

 

Порталыбыздын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн району боюнча Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери, улук лейтенант Арген Акылов окуялары менен бөлүшөт.

Арген Акылов 1995-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Эшперов айылында төрөлгөн. Орусиянын Санкт Петербург шаарында Мамлекеттик Өрткө каршы окуу жайында билим алган. Үй-бүлөлүү, 2 уулу бар. Ал ӨКМдин кызматкери катары 2016-жылдан бери иштеп келет.

Акылов жумушунда ары кызыктуу, ары таң калычтуу окуялар көп эле болорун сөз кылып, алардын айрымдарына токтолду.

"Жарда калган жигит коркуп, үшүп калган экен..."

- Былтыр кышында болсо керек. Бишкектин четиндеги Кашка-Суу лыжа базасына "бир бала токойдун арасынан лыжа тээп бара жатып түшүп кетти" деген чакыруу түшөт. Кеч кирип калган болчу. Нөмөөттө турган балдар менен эле куткарууга чыгып кеттик. Жерине жеткенче кечки саат 8-9 болуп кетти. Байланыш жок. Ал жигиттин телефону өчүп калган. Ошол учурда лыжа базасынын кызматкерлери менен биргеликте жигитти фонарик жандырып, кыйкырып жүрүп араң тапканбыз. Ал болсо жарга (ред.: бир метрден жогору) туруп калыптыр. Дагы жакшы ал жер эңкейиш болчу. Ал убакта жигит аябай коркуп калган. Өз алдынча кыймылдай албайт, үшүп калыптыр. 100 метрдей аркан менен түшүп, баланы замбил (носилка) салып өйдө карай көтөрүп чыкканбыз. Ал жактан дароо "Тез жардам" кызматына өткөрүп бергенбиз.

Ал лыжа тээп жүрүп, аны башкара албай токойго кирип кеткен экен.

"Жаран эт туурагычтан колун чыгара албай калган"

- Жакында эле чакырууга чыгып келдик. Бирөө электрондук темир эт туурагычка колун киргизип, чыгара албай калыптыр. Биз Беш-Күңгөйгө саат 17:00 чамасында бара жатып, тыгында калып кеттик. Бизди чакырган жарандар "Тез жардам" унаасы менен Республикалык ооруканага келишти. Жарым жолдон быгытыбызды өзгөртүп, биз да ооруканага бардык. Ал жерде эт туурагычты кесип, жаранга жардам көрсөттүк.

"Кечке маал тоого чыгып, эртеси түштө түшүп келгенбиз"

- Жазында "Ала-Арча" жаратылыш сейил багынын жогору жагына Казакстандан альпинисттер келишиптир. Алардын арасынан бир аял бутун сындырып алып, биздин куткаруучуларды чакырышкан. Альпинисттер тоонун башында экен. Биз кечки саат 5-6 чамасында жолго чыкканбыз. Түнү менен тоонун башына чыгып, жардам көрсөткөнбүз. Ал жактан биз эртеси түштө түшкөнбүз.

Улук лейтенант айрым кезде жүрөк ооруткан окуяларга дагы туш болорун айтып, жол жээгинде күйүүчү май саткан өспүрүмдүн күйүп кеткенин эстеди.

Өрт жалмаган кырчын өмүр

- Былтыр жайында "Ак-Жол" өткөрмө постунун жанында жүрөк ооруткан окуя катталган. Ал жерде күйүүчү май саткандар бар болчу. Ошол жерден өрт кырсыгы болуп, 12 жаштагы өспүрүм бала каза болуп калган. Ал эми анын жанындагы досу жаракат алып, ооруканага түшкөн. Аны барып көрүп, аябай кейигенбиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: