super.kg logo

Кыргыз-тажик достугу. Тажикстандык журналисттер Бишкекке келишти

 

Тажикстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Бул сапар кесиптик тажрыйба алмашуу гана болбостон, Кыргызстан менен Тажикстандын боордош элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, ынак коңшулукту жана ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Өлкөдө болуу учурунда тажик журналисттери Кыргызстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле улуттук каада-салттар, этнотуризмдин элементтери, жаратылышы кооз жерлер жана Кыргызстандын меймандос атмосферасы менен таанышууну камтыган маданий программага катышат.

Мындай демилгелер эки өлкөнүн медиа коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда бекем кесиптик жана адамдык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле гуманитардык жана маалыматтык тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түзөт",- деп билдирди Алагөзов.

Буга чейин мындай демилге Казакстандын жана Өзбекстандын журналисттери менен ишке ашырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: