Нарындагы Салкын-Төр Ала-Арча паркындай болуп жасалат
Нарын районунун Алыш айылыныдагы Салкын-Төр паркы калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Нарын шаарынан анча алыс эмес жерде Салкын-Төр деген капчыгай бар. Аты айтып тургандай эле, салкын, шылдырап суу агып, абасы таза, жайкалган шибер, тоосу толгон карагай, арча экен. Ал жерге союз мезгилинде эс алуу жайы курулуп, элди тейлеп келген. Кийин каралбай, имараттары бузулуп, ээнсиреп, ташталып калыптыр.
Мына ушул жерди президент Садыр Жапаров "Чүйдөгү Ала-Арча паркындай кылып оңдоп, жаңы имараттарды кургула" деген тапшырма берип, өлкө башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди жиберди. Мен дагы чогуу барып көрүп келдим. Иш башкармалык Салкын-Төр паркын калыбына келтирүү жана жаңы имараттарды куруу боюнча долбооруна киришти. Буюрса, жакынкы аралыктарда Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.



