super.kg logo

"Жомогуңду токтотчу". УКМКнын Жалал-Абаддагы жыйынында Көк-Жаңгактын мэри тил укту (видео

 

Кечээ, 24-июлда Жалал-Абадда УКМКнын облус боюнча башкы башкармалыгында жергиликтүү бийлик жана ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Анда Көк-Жаңгак шаарында Фрунзе атындагы №1 мектептин курулуш иштеринде алешемдиктер болгону айтылды. Тагыраагы, жаңы мектеп имаратын салуу үчүн эски имаратты бузуу иштери жүргөн. Бузулган объекттен чыккан курулуш материалдары сатылып кеткени айтылды. Ал материалдар негизи жардамга муктаж жарандарга бекер берилиши керек болгон.

УКМКнын өкүлү курулуш материалдарын сатуу иштери подрядчы компаниянын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөнүн айтты. Ал кийинчерээк акча каражаттары Көк-Жаңгак шаарынын мэри Сыргак Замирбек уулунун электрондук эсебине которулганын кошумчалады.

Мэр подрядчы компаниянын өкүлү андан ата-энесине керек болуп жатканын айтып, 10 миң сом сураганын, андыктан накталай кылып бергенин, кийин ал электрондук эсебине которгонун билдирди.

Бул жооп УКМКнын Жалал-Абаддагы башкы башкармалгынын жетекчиси Каныбек Досмамбетовду ачуулантты.

"Сенин мыйзам бузууларың абдан көбөйүп кетти, Сыргак. Чегине жетип калды. Мен сага өткөндө эскерттим беле? Сага сабак болгон эмес го, э? Жакында эле спорт мектебинин тендери боюнча чыр болгон", - деди ал.

"Спорт мектеби боюнча, булар мага толук кандуу айтпастан тендер өткөрүшкөн. Менин ал жерде катыштыгым жок", - деди Замирбек уулу.

Досмамбетов: "Кичинекей Көк-Жаңгакта эле ушунча көйгөй бар экен да".

Мэр: "Негизи 5-6 адам уюштуруп, ушундай маселелер болуп жатат".

Досмамбетов: "Сен ушундай нерселерге жооп бербе да. Болуптур, сенин айтканыңа ишенели. Эмне үчүн карызга бересиң? Эмне акчаң көппү?"

Мэр: "Жок, акчам көп эмес".

Досмамбетов: "Андай жомокторуңду токтотчу. Мен сага айтып коёюн, акыркы эскертүү болсун. Дагы ушундай маалымат түшчү болсо, мен сени эч нерсеңе карабай камайм. Жетишет, менде материалдар көп. Түшүндүңбү?" - деп зекиди.






25.07.25.

25.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: