"Алып кеткиле". УКМКнын Жалал-Абаддагы жыйынында 3 адам кармалды (видео)
Кечээ, 24-июлда Жалал-Абадда УКМКнын облус боюнча башкы башкармалыгында жергиликтүү бийлик жана ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.
Анда Тогуз-Тороо районунун Казарман айылындагы сейил бакты реканструкциялоо иштери боюнча маалымат угулду. УКМКнын өкүлү паркты жаңылоого 2021-жылдан бери жалпы 40 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн айтты. Ал белгилегендей, аталган сумма 3 тендер аркылуу берилип, бардык тендерди коррупциялык схема аркылуу "Тагай Курулуш" ЖЧКсы утуп алган. Ошондой эле ал курулуш иштери сапатсыз болгондуктан тургундар тарабынан нааразычылыктар болгонун кошумчалады.
УКМКнын облус боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Досмамбетов аталган факт боюнча кылмыш иши козголгонун билдирип, жооптуу адамдарды суракка алууну буйруду.
"Канча жумуш аткарылганын тастыктайлы. Анан чыгым болгон сумманы сен (подрядчы компаниянын директору) төлөйсүң. Ага чейин биздин убактылуу кармоочу жайда отурасың. Алып кеткиле", - деди ал.
Натыйжада жыйын өтүп жаткан залдан Каргалык айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Эмилбек Артыкбаев, Зууракан Акунова жана "Тагай Курулуш" ЖЧКсынын директору Улукбек Тагайбековду алып чыгып кетишти.
25.07.25.



