Улуу Британия Палестина мамлекетин таанууну жокко чыгарбайт
Британиянын премьер-министри Кирр Стармер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорунун бири Палестина мамлекетин түзүү экенин билдирди.
Ал социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу жасаган видео кайрылуусунда өнөктөштөрү менен аймактагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган конкреттүү практикалык кадамдардын үстүндө иштеп жатканын айтты.
"Палестина мамлекетин таануу бул кадамдардын бири болушу керек. Бул менин ачык позициям", - деп баса белгиледи Стармер.
Маалым болгондой, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париж сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина мамлекетин тааный турганын эки күн мурун айткан.
"Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотууга болгон тарыхый милдеттенмемдин негизинде мен Франция Палестина мамлекетин тааныйт деп чечтим", - деп жазган Макрон социалдык тармактагы баракчасында.
Франция президентинин бул планына АКШ менен Израил кескин түрдө каршы чыгышса, бир катар өлкөлөр Макрондун ниетин кубатташты.
