"Эмне деген акмакчылык?" Жалал-Абаддагы жыйында УКМК компания директорун суракка алып кетти (видео)
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгында 24-июль күнү жергиликтүү бийлик жана ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Анда Чаткал районунун Ак-Таш айылында курулган мектеп боюнча маалымат угулду. УКМКнын өкүлү мектептин курулуш иштери 2014-жылдан 2018-жылга чейин мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, курулшка 43 миллион 826 миң сом бөлүнгөн. Бирок мектеп сапатсыз салынгандыктан учурда авариялык абалда. Мындан улам мамлекетке 1 миллион 56 миң сом зыян келтирилгенин кошумчалады.
УКМКнын облус боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Досмамбетов подрядчы компания "Байсал Курулуштун" башкы директору Мелис Орозбаевге ачууланды.
"Ыя, Мелис мырза, бул эмне деген акмакчылык?", - деди ал.
"11 жылдан бери бүтө албай жатабыз. Анткени тендерде туура эмес берилип калганган. Ал боюнча 150 орундуу болуш керек болчу. Бирок биз 225 орундуу чоң мектеп салып алганбыз. 38 миллионго салабыз деп тендерди уткан элек. Ал сумма мектепти салганда эле жок калды. Андан бери спорт залын жана башкаларын жылына өзүбүз 2-3 миллиондон чыгарып, жасап келе жатабыз", - деди Орозбаев.
Атайын кызматтын облустагы башчысы аны суракка алууну буйруду.
"Кандай жагдайда тендерди уткансыз, суммасы эмнеге төмөн болуп калган, аны тактайбыз. Эмне үчүн убагында сапаттуу жасаган эмессиз? Анткени, силер акчаны үнөмдөп, сапатсыз курулуш материалдарын колдонгонсуңар. Кылымш иши козголгон, тергөө жүрүш керек. Суракка алгыла, эгер күнөөсү болсо камагыла", - деди Досмамбетов.
Натыйжада Орозбаевди жыйын өтүп жаткан залдан алып чыгып кетишти.



