Жаңы гимдин текстине 5 вариант тандалып, музыкасына сынак жарыяланды






Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кечээ, 25-июлда Кыргыз улуттук тарых музейинде мамлекеттик гимндин жаңы редакциясына текст тандоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка 16-июндан 17-июлга чейин жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу 79 жарандан 132 долбоор келип түшкөн. Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй, атайын шифрлер менен белгиленип комиссиянын кароосуна коюлган. Натыйжада комиссия тарабынан эң жогорку упай алган 5 тексттин долбоору тандалган.
Министрлик тандалып алынган 5 мыкты долбоорго музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланганын белгиледи. Эми 8-сентябрга чейин сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар тексттерге жазылган музыкалык чыгармалары менен катыша алышат.



