super.kg logo

УКМКнын Жалал-Абаддагы жыйынында бир нече адам кармалды

 

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгында 24-июль күнү жергиликтүү бийлик жана ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Анда УКМКнын текшерүү иштерин жүргүзгөн өкүлдөрү облус аймагында жүргүзүлгөн курулуш иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча маалымат беришти. Маалыматтар менен таанышкан УКМКнын облустагы башкы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Досмамбетов тиешелүү адамдарды суракка алуу боюнча буйрук берди. Натыйжада аты аталгандарды атайын кызматтын өкүлдөрү жыйын өтүп жаткан залдан алып чыгып кеттишти.

Алсак, Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылындагы суу менен камсыздоо тутумун оңдоодо жоопкерчиликсиз мамиле кылышкан делип, Жалал-Абад облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл боюнча өкүлү Абдрасул Султанов менен "Строймемсервис" компаниясынын жетекчиси Манас Абдыкадыров кармалышты.

Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы сейил бакты реконструкциялоо иштери сапатсыз жүргүзүлгөнү белгиленип, үч адам кармалды. Алар: Каргалык айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Эмилбек Артыкбаев, Зууракан Акунова жана "Тагай Курулуш" ЖЧКсынын директору Улукбек Тагайбеков.

Ала-Бука районунун Булак-Башы айылындагы мектептин курулушун сапатсыз жүргүзгөн делип "Акжол Курулуш-Транс" ЖЧКсынын жетекчиси Дастанбек Абдукадиров УКМКга сурак берүүгө алынып кетти.

Чаткал районунун Сумсар айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүүдөгү алешемдиктер үчүн "Байсал Инвест" ЖЧКсынын башкы директору Мелис Рахматов менен ошол кезде Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болгон Махабат Көлбаева кармалды.

Чаткал районунун Ак-Таш айылында мектеп курган "Байсал Курулуш" компаниясынын башкы директору Мелис Орозбаев жыйындан түз эле суракка жөнөтүлдү.

Ошондой эле Каныбек Досмамбетовдон Көк-Жаңгак шаарынын мэри Сыргак Замирбек уулу тил угуп, акыркы эскертүүсүн алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: