super.kg logo

Балыкчы–Бишкек поезди бейбаштар тарабынан ташбаранга алынды (видео)

 

Балыкчы–Бишкек каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поезддин вагондоруна таш ыргытуулар болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-июлда саат 21:47 чамасында Токмокто болгон. Анда белгисиз адамдар бир нече вагон, анын ичинде VIP-вагондорго да таш ыргытышкан. Вагондордо жүргүнчүлөр болгон.

Ишкана вагондордун терезелери соккуга туруктуу материалдан болгондуктан сынбаганын, бирок жаракалар кеткенин белгиледи. Келтирилген зыяндын бардык фактылары катталып, укук коргоо органдарына бейбаштарды жоопкерчиликке тартуу боюнча өтүнмө берилген.

"Кыргыз темир жолу" бейбаштык аракеттерди кескин айыптай турганын, анткени мындай учурлар темир жолдун мүлкүнө гана зыян келтирбестен, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч туудурарын жана өлкөнүн туризм тармагындагы аброюна шек келтирерин белгиледи.

Эске салсак, апрель айында да туристтик поезддин вагондорунун терезелерине таш ыргытылган учур катталган.






26.07.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: