Таиланд талаштуу аймакта желегин көтөрдү
Таиланддын аскер кызматкерлери Камбоджа менен чек арадагы талаштуу Пху Кханг аймагында өлкөнүн желегин көтөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул окуя эки өлкөнүн ортосунда уланып жаткан тирешүү жана кагылышуулар учурунда болуп жатат.
Эске салсак, бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу башталган. Таиландда Камбоджа менен чек арадагы куралдуу кагылышууларда кеминде 14 тургун жана 1 аскер каза болгону кабарланган. Ал эми Камбоджада 8 тургун, 5 жоокер каза болгону айтылды.
Жума күнү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Таиланд менен Камбоджанын бийликтери чек арадагы ок атышууну токтотууга макул болушканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.