super.kg logo

Айыл чарба министрлиги Кызыл-Суунун тургундарынын көйгөйү боюнча билдирүү жасады

 

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында таза суу менен камсыздоо тутумунун курулуш иштери кызуу жүрүп жатканын кабарлады.

Буга чейин порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө аталган айылдын тургуну таза көйгөйү боюнча кайрылып, суунун абалын көрсөткөн видео менен бөлүшкөн. Анда крандан кир суу агып жатканын көрүүгө болот.

Министрлик ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму көп жылдан берки таза сууга жетүү көйгөйүн чечип, санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртып, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин 18 миң 476 адам туруктуу ичүүчү суу менен камсыз болот. Ал эми туташкан абоненттердин саны 3700гө жетери күтүлүп жатканы кошумчалады.

"1-марттан тарта турак жайларды суу түтүк системасына туташтыруу иштери этап-этабы менен башталган. Бүгүнкү күндө 1811 абонент туташтырылды. Курулуш жана туташтыруу иштерин толугу менен бүткөрүү быйылкы жылдын сентябрында аяктайт. Аталган объект ишке берилгенден кийин канализациялык тутумдар дагы курула баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик ошондой эле кечээ, 25-июлда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы аталган объекттин курулуш иштери менен таанышканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: