super.kg logo

"Кечирип коюңуз, шеп". Балыкчынын мурдагы мэри президеттин ишенимин аткара албаганын айтты (видео)

 

Балыкчынын мурдагы мэри Султан Кермалиев өлкө башчы Садыр Жапаровдон анын ишеничин аткара албаганы үчүн кечирим сурады.

Ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде коомчулукта сынга алынган кылыктары үчүн кыргызстандыктардан да кечирим сурады.

"Жаштык кылып, эмоцияга алдырып койдум. Туура эмес кадамдарым үчүн кечирип коюуңуздарды суранам. Президент Садыр Нуркожоевичтен да кечирим сурайм. Тажырыйбасыздыктан туура эмес кадамдарга барып, сиздин ишенимиңизди актай алган жокмун. Кечирип коюңуз, шеп", - деди Кермалиев.

Эске салсак, Кермалиев июль айынын башында Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал кызматка киришкенден кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта талкуу жараткан. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров Кермалиев тууралуу пикирин билдирген.

Көп өтпөй Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөнү да маалымдалган.

14-июлда Керималиев кызматтан алынышы мүмкүн экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген, көп өтпөй ал кызматынан бошотулган.






26.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: