Италия Палестинаны мамлекет катары түзүлгөндөн кийин гана тааныйт
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Палестина мамлекети түзүлө электе аны таануу терс натыйжа берет деп эсептейт.
"Мен Палестина мамлекетин колдойм. Бирок ал түзүлө электе аны таанууга каршымын", - деп келтирет Jerusalem Post басылмасы анын билдирүүсүн.
"Мен бул тууралуу Палестинанын администрациясына да, Франциянын президенти Эммануэль Макронго да айттым. Эгерде кагаз жүзүндө гана жок нерсе таанылса, маселе чечилгендей сезилиши мүмкүн. Бирок иш жүзүндө андай эмес", - деген Мелони.
Буга чейин Франциянын лидери Эммануэль Макрон Париж сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина мамлекетин тааный турганын билдирген.
"Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотууга болгон тарыхый милдеттенмемдин негизинде мен Франция Палестина мамлекетин тааныйт деп чечтим", - деп жазган Макрон социалдык тармактагы баракчасында.
Франция президентинин бул планына АКШ менен Израил кескин түрдө каршы чыгышса, бир катар өлкөлөр Макрондун демилгесин кубатташкан.
Британиянын премьер-министри Кирр Стармер да Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорунун бири Палестина мамлекетин түзүү экенин билдирген.
