super.kg logo

Трамп Таиланд менен Камбоджанын өкмөт башчылары жолугушарын билдирди

 

Камбоджанын премьер-министри Хун Манет жана Таиланддын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Пхумтам Вечаячай эки өлкө ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жолугушуу өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Truth социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу маалымдады.

"Алар дароо жолугуп, ок атышууну токтотууга жана акыры тынчтыкка келүүгө макул болушту", - деп жазган ал премьер-министрлер менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин.

Буга чейин Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Таиланд менен Камбоджа чек арада ок атышууну токтотууга макул болушкандарын билдирген. Бирок чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, тараптар бири-бирине сокку уруулары уланган.

Эске салсак, бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу башталган. Таиландда Камбоджа менен чек арадагы куралдуу кагылышууларда кеминде 14 тургун жана 1 аскер каза болгону кабарланган. Ал эми Камбоджада 8 тургун, 5 жоокер каза болгону айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: