super.kg logo

Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси улуттук деңгээлде белгилене баштады

 
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракеси министрлер кабинетинин 16-июндагы тескемесине ылайык улуттук деңгээлде өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүк билдирди.
Мааракелик иш-чаралар Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүндө, Ленин чокусуна жакын жайгашкан альпинисттик лагерде туристтик фестивалдын ачылышы менен башталды. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Алымбек датканын урпактары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, альпинисттер, туристтер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Илияз Ташбаев өз сөзүндө конокторду жана жергиликтүүлөрдү бул мааракелик салтанат менен Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевдин жана өзүнүн атынан куттуктап, Алымбек датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө максатында жасаган кадамдарына, элдин ынтымагын бекемдөө багытындагы зор эмгектерине кеңири токтолуп өттү.
Алымбек датка - кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө алгачкылардан болуп салым кошкон, Кокон хандыгында жогорку “датка” наамына ээ болгон, таасирдүү саясий ишмер. Ал кыргыздардын мамлекеттик көз карандысыздыгын камсыз кылуу, биримдигин чыңдоо багытында чоң аракеттерди жасаган.
Иш-чаранын алкагында улуттук боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Алымбек датканын эмгектерин чагылдырган сахналык эпизоддор көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.
Мааракеге арналган иш-чаралар жыл ичинде Алай районунда жана Ош шаарында улантылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: