Трамп Путин менен сүйлөшүүгө мындан ары кызыкдар эмес экенин билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушууга мындан ары өтө кызыкдар эмес экенин айтты. Бул тууралуу ал Британия өкмөт башчысы Кирр Стармер менен болгон жолугушуу учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Билбейм. Мен мындан ары сүйлөшүүгө анчалык кызыкдар эмесмин. Биз ушундай жагымдуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Анан кийинки түнү ракетадан адамдар өлөт. Андыктан мен билбейм. Эмне болорун көрөбүз",- деди Трамп.
Ошондой эле америкалык лидер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесинде эч кандай жылыш көрбөгөнүн, ошондуктан берилген 50 күндүк мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскартып жатканын айтты. Ал Орусияны сүйөрүн жана Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам чектөөлөргө баргысы келбей турганын, бирок келишимге жетишилбесе Москвага каршы экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү ниетин кошумчалады.
