Санкт-Петербургда мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды
Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов патенттин негизинде иштеген чет элдик жарандарга 2025-жылдын аягына чейин жүргүнчүлөрдү ташуучу таксиде жана айдоочулук багыты боюнча иштөөгө тыюу салган буйрукка кол койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Чектөө жүргүнчүлөрдү ташуу кызматынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле орусиялык жарандар үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Чет өлкөлүктөрдү патент менен иштеткен компаниялар жана унаа бөлүштүрүү кызматтары үч айдын ичинде алар менен эмгек мамилелерин токтотуп, жаңы жумушчуларды тартууга тийиш.
Буйрук жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 2025-жылдын жыйынтыгы менен шаардын Эмгек жана ишке орноштуруу комитети губернаторго чараны 2026-жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү боюнча сунуш киргизет.
Мындай чаралар буга чейин Татарстанда кабыл алынып, 2025-жылдын 31-декабрына чейин экономикалык ишмердүүлүктүн 10 түрүнө патент менен иштеген мигранттарды тартууга тыюу салынган.
