Бангкоктогу базарда ок чыгарган адам өзүн да өлтүргөн (видео)



Таиландда борбору Бангкоктогу Or Tor Kor базарында куралчан адам ок чыгарып, беш адам набыт болду.
Окуя кечээ, 28-июлда болгон. Атышуудан базардын төрт күзөтчүсү жана бир сатуучу аял каза болгон. Кол салууга шектелген 61 жаштагы киши окуядан кийин өз жанын кыйган. Ок аткан адам каза тапкан күзөтчүлөр менен мурда бир компанияда иштегени айтылууда.
Or Tor Kor базары Бангкоктун түндүгүндөгү Чатучак аймагында жайгашкан. Анда айыл чарба продукциялары жана жергиликтүү тамак-аштар сатылат. Базар туристтер арасында популярдуу.
29.07.25.
29.07.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.