Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдан каза тапкандардын саны 279га жетти
Пакистанда июнь айынын аягынан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жаралган кесепеттерден 279 адам каза таап, 676 киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынын билдирүүсүнө таянып жазышты.
Табигый кырсыктардан улам 1500дөн ашуун имарат жабыркап, жүздөгөн адамдар эвакуацияланган. Мал чарбасы жана дыйканчылык олуттуу зыянга учураган. Эң көп жоготуулар Пенджаб провинциясында болуп, 151 адам каза болсо, 536 адам жаракат алган.
Өлкө бийлиги адамдардын өмүрүн сактап калуу жана келтирилген зыянды азайтуу үчүн аракеттерди көрүүдө. Метеорологдордун айтымында, нөшөрлөгөн жамгыр жакынкы күндөрү дагы уланат.
Белгилей кетсек, Пакистанда муссон мезгили адатта июндан сентябрга чейин созулуп, катуу жамгырды алып келет.
