Палестина бийлиги Газага эл аралык күчтөрдү киргизүүгө макул болду
Палестинанын улуттук бийлиги Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аймактык жана эл аралык күчтөрдүн жайгаштырылышына каршы эмес. Бул тууралуу Палестинанын премьер-министри Мухаммед Мустафа БУУнун Палестина маселесин жөнгө салуу боюнча конференциясында сүйлөп жатып билдирди.
Ал Газаны көзөмөл кылган ХАМАС кыймылы курал-жарактарын Палестинанын улуттук бийлигине өткөрүп бериши керектигин баса белгиледи.
"ХАМАС Газадагы көзөмөлүн токтотуп, курал-жаракты Палестинанын улуттук бийлигине өткөрүп бериши керек. Биз элибизди коргоо, бардык тараптардын ок атышпоо келишиминин сакталышын көзөмөлдөө жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан ыйгарым укук берилген миссиянын алкагында Палестина мамлекети менен координацияланган аймактык жана эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу чакырыгына даярбыз",- деди ал. Ошол эле учурда Мустафа бул күчтөр Палестинанын коопсуздук күчтөрүнүн ордун баса албай турганын айтты.
Премьер-министрдин айтымында, Газа тилкесин оккупациясыз, мажбурлап көчүрүүсүз Батыш жээк менен бириктирүү үчүн биргелешип аракеттенүү зарыл.
"Элибиз менен бирге Газаны кайра куруп, Палестинанын эгемендигине жетишүүбүз зарыл. Палестина менен Израилди тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашаган эки мамлекет катары куруу чечимин ишке ашыруубуз керек",- деп кошумчалады Мустафа.
