Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Дуайт Мохаммед Кави дүйнөдөн кайтты
Эки салмактык категориядагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону, Эл аралык бокс залынын атактуу мушкери Дуайт Мохаммед Кави 25-июлда 72 жашында каза болду. Анын эжеси америкалык мушкер беш жыл бою акыл-эс оорусунан жабыркап жүргөнүн билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Дуайт Брекстон 1953-жылы 5-январда Балтимордо төрөлүп, куралдуу талап-тоноо менен айыпталып абакка түшкөн. Ошол кезден баштап бокс менен машыгып, түрмөдөн чыгып, 1978-жылы кесипкөй мушкер болгон.
Кави профессионалдык рингде 53 жолу мушташып, 41-11-1 рекорду менен 1998-жылы спорттон кеткен. 2004-жылы уруксат берилип, бокс боюнча Эл аралык залына киргизилген.
Боксчулук карьерасын аяктагандан кийин Кави машыктыруучу болуп иштеп, жашы жете электердин укугун коргоп, адамдарга алкогол жана баңгизат менен күрөшүүгө жардам берген.

