Хуситтер Израил менен кызматташкан АКШнын кемелерине кол сала турганын эскертти
АКШнын соода компанияларына таандык кемелер Израилдин порттору менен кызматташса, хуситтер аларды бутага алышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Мухаммад аль-Бухейти билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз Палестина элине болгон колдообуздун алкагында Израил менен кызматташкан эл аралык компаниялардын, анын ичинде америкалык компаниялардын кемелерине каршы операцияларды кеңейтүүгө мажбур болуудабыз",- деди ал.
Аль-Бухейти АКШ кемелерине болгон чабуулдар 2024-жылдын башында Йеменге карата болгон агрессияга жооп экенин белгиледи.
Буга чейин хуситтердин маалымат кызматы Израилдин Йеменге каршы акыркы соккулары учурунда көп сандагы аскердик учактарды колдонгонун билдирген.
Эске салсак, 7-июлда Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Йемендин хусит кыймылына каршы жаңы аскердик операция башталганын жарыялаган. "Кара туу" операциясынын алкагында Израил күчтөрү Ходейда, Ас-Салиф жана Рас-Иса портторуна, ошондой эле Рас-Катиб электр станциясына жана мурда хуситтер тарабынан басып алынган Galaxy Leader кемесине сокку урган. Бул кеме болжол менен эки жыл мурун басып алынган жана Израилдин маалыматы боюнча, Кызыл деңиздеги террордук аракеттер үчүн колдонулуп келген.
