super.kg logo

Ленин районунун акими өрттөн жабыркаган жаранга камсыздандыруу сертификатын тапшырды

 

Ленин районунун акими Тариэл Айтиев өрттөн олуттуу зыян тарткан борбор калаанын тургуну Сулейманова Венерага 849 029 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификатын тапшырды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 1-июлуна караган түнү Обская көчөсүндөгү 5-үй дарегинде болгон.

Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгып, турак жайга чоң зыян келтирген.

Кварталдык ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен II топтогу майып Венера Сулейманова алдын ала Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна кайрылып, жашоо-жайын бекер камсыздандырган. Бул камсыздандыруу турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу программасынын алкагында жүргүзүлгөн.

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, I жана II топтогу майыптар социалдык жактан аярлуу катмарга кирип, өрт жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринен мүлктү жеңилдетилген шартта камсыздандыруу укугуна ээ.

Тийиштүү документтер, анын ичинде өрт өчүрүү кызматынын актысы, 16-июлда МКУга тапшырылып, 24-июлда материалдарды кароонун жыйынтыгы менен жабырлануучуга толук көлөмдөгү камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү.

"Бул окуя мүлктү убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөттү. Айрыкча, мамлекеттик колдоого муктаж болгон жарандар үчүн бул программа өтө зарыл",- деп белгиледи Тариэл Айтиев сертификатты тапшыруу учурунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: