Трамп өзүн "тынчтыктын президенти" деп атады
АКШнын президенти Дональд Трамп Таиланд менен Камбоджа ок атышпоого жетишкенден кийин өзүн "тынчтыктын президенти" деп атады.
"Мен алты айдын ичинде көптөгөн согуштарды токтоттум. Мен тынчтыктын президенти болгонума сыймыктанам!"- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Америкалык лидер Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы тынчтык келишими анын сүйлөшүүлөргө жеке катышуусунун аркасында жетишилгенин эске салды.
Буга чейин Камбоджанын премьер-министри Хун Манет жана Таиланддын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Пхумтам Вечаячай эки өлкө ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жолугушарын билдирген. Көп өтпөй эки өлкө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкени кабарланды.
Эске салсак, бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу башталган. Таиландда Камбоджа менен чек арадагы куралдуу кагылышууларда кеминде 14 тургун жана 1 аскер каза болгону кабарланган. Ал эми Камбоджада 8 тургун, 5 жоокер каза болгону айтылды.
