super.kg logo

Beeline Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кандай салым кошуп жатат

 

Коомдун жыргалчылыгы үчүн иштөө менен, Beeline Кыргызстан ESG ыкмасын жигердүү колдонууда. Бул стратегия үч багытты камтыйт: экология, социалдык жоопкерчилик жана башкаруу. Бул эмнени билдирет — Beeline өзүнүн мисалында көрсөтөт. 2025-жылдын биринчи жарымында компания бир катар маанилүү ESG демилгелерин ишке ашырды жана колдоду.

Экология (EEnvironment)

Beeline Кыргызстан «Улуттук тазалык күнү» экологиялык акциясына катышты. Компаниянын 50дөн ашык кызматкери, анын ичинде топ-менеджмент Бишкектеги «Театральный» паркында ишембиликке чыгышты.

Ошондой эле Beeline эски батарейкаларды чогултуу боюнча эко-демилгеге кошулуп, «Твой Заряд» компаниясынан утилизация маданиятын жогорулатууга кошкон салымы үчүн сыйлык алды.

Андан тышкары, уюлдук оператор «Автосуз жума» аттуу челленджди баштады, ал жок дегенде бир күнгө автоунааларын айдабай, жөө басууга же велосипед, самокат же коомдук транспорт менен жүрүүгө чакырат.

Социалдык жоопкерчилик (SSocial)

Beeline интернет жана окуу, иштөө үчүн ыңгайлуу шарттары бар акысыз коворкинг түйүндөрүн өнүктүрүүнү улантууда. Мындай төрт аянт Бишкек, Каракол жана Жалал-Абад шаарларында иштеп жатат. Жакында компания КМТУдагы бишкектик коворкингдеги техниканы жаңыртты.

Beeline компаниясынын топ-менеджерлери жана адистери жаштар үчүн иш-чараларды үзгүлтүксүз колдоп, эксперт, насаатчы жана калыстар тобу катары катышып келишет. Мындай окуялардын бири май айынын аягында өткөн Жаштар стартаптарынын EXPO - 2025 көргөзмөсү болду. Beeline калыстык кылууга гана катышпастан, Enactus Кыргызстан жаштар уюмунан социалдык жактан жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзгөндүгү үчүн ардак грамота алды.

Катышуучулар санариптик коркунучтарды аныктоону жана аларды кайтарууну үйрөнгөн «А-дан Я-га чейин киберкоопсуздуктун негиздери» тренингинин алкагында Beeline сынак өткөрүп, окууга акысыз орун берди.

Мындан тышкары, уюлдук оператор кыздарга технология жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берген Technovation Girls Kyrgyzstan 2024–2025 долбоорун колдоду.

Башкаруу (GGovernance)

Beeline Кыргызстан башкарууда калыстык, ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин карманат. Бул кардарлар, кызматкерлер жана өнөктөштөр менен ишенимдүү мамилелерди курууга, ошондой эле туруктуу корпоративдик маданиятты калыптандырууга жардам берет.

Кызматкерлер атайын иштелип чыккан платформанын жардамы менен этика жана комплаенс темалары боюнча үзгүлтүксүз окуудан жана тестирлөөдөн өтүшөт. Бул жөн гана эрежелерди билүү эмес, аларды күнүмдүк жумушта колдонууга жардам берет.

— ESG принциптерин илгерилетүү жөн гана тренд эмес, өлкөнүн жана коомдун бакубаттуулугуна реалдуу салым болуп саналат — дейт Коомчулук менен байланыш жана туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Баймагамбетова — Биз айлана-чөйрөгө кам көрөбүз, маанилүү социалдык демилгелерди ишке ашырабыз жана ачык бизнес чөйрөсүн түзөбүз. Beeline бул багыттарды мындан ары да өнүктүрүүнү көздөйт, анткени позитивдүү өзгөрүүлөр аракеттерден башталат.

Бул мүмкүн. Бул Beeline.

КР СӨMгө караштуу БТЖСжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: