super.kg logo

Бишкекте мектеп менен бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилди

 

Бишкек шаарында билим берүү мекемелеринин 2025-2026-окуу жылына даярдыгын көзөмөлдөө улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда калаа мэриясынан билдиришти.

Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева билим берүү департаментинин жана райондук администрациялардын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп, анын жүрүшүндө подрядчыларга да, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине да тапшырмалар берилүүдө.

Аткарылган иштердин сапатына, ошондой эле чектеш аймактарды талаптагыдай күтүүгө жана санитардык абалга көңүл бурулууда.

Свердлов районунда жеринде текшерүү учурунда билим берүү мекемелеринин биринде жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча милдеттенмелер системдүү түрдө аткарылбай жатканы аныкталды. Буга байланыштуу №51 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары, №42 мектепке чейинки билим берүү уюмуна тартиптик чара көрүлдү.

Эске салсак, борбор калаанын билим берүү тармагында 120 мектеп, 118 бала бакча жана 6 мектептен тышкаркы мекеме бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: