АКШда Орусиядан Командор аралдарын сатып алуу сунушталды
Анын айтымында, мындай келишим АКШнын “коопсуздугун бекемдөөгө” жана “Арктикадагы лидерлигин ырастоого” жол ачмак. Ал белгилегендей, мындан мурда Алясканы сатып алуу да пайдасыз деп эсептелген, бирок бүгүн ал АКШнын энергетикалык жана коргонуу стратегиясынын негизги бөлүгү болуп калды.
Фриц Арктикада Кытайдын активдүүлүгү өсүп жатканына, ошондой эле “Полярдык Жибек жолу” долбоору аркылуу бул аймакка болгон инвестицияларына тынчсыздануусун билдирди. Ал айрыкча Циндаодогу Цзянгэчжуан аскер-деңиз базасынан “Цзинь” жана “Тан” класстарындагы Кытайдын суу алдындагы кайыктары Берингов кысыгы аркылуу Арктикага өтүп, муз катмарынын алдында жашыруун иш жүргүзө ала турганын белгиледи.
Түндүк Америка менен Азиянын ортосундагы деңиз кесилишинде жайгашкан Командор аралдары Арктикадагы соода жолдору кеңейип жаткан шартта геосаясий мааниге ээ болууда. Командор аралдарынын негизги геофизикалык артыкчылыктарынын бири катары муз катмарынын салыштырмалуу жука болуусу эсептелет.
