УКМК Ысык-Көлдө мурдагы аткаминер менен компаниянын жетекчисин кармады







Ысык-Көл облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат алар Түп районунун Корумду айылына таза суу түтүктөрүн куруу долбоору боюнча бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышканын белгиледи.
Тагыраагы, 2018-жылдын 29-августунда таза суу түтүктөрүн курууга Ысык-Көл облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен "Ысык-Көл Курулуш Сервис" ЖЧКсынын ортосунда 59 миллион 584 миң 933 сомго келишим түзүлгөн. Кийинчерээк келишимдин жалпы суммасы кошумча келишимдерди эске алуу менен 83 миллион 711 миң 287 сомду түзгөн. Кийин аткарылган иштер жасалмалуу түрдө 6 миллион 433 миң 328 сомго ашык көрсөтүлгөн. Ошондой эле башкармалык тарабынан компания эсебине ырастоочу документтери жок 7 миллион 801 миң 950 сом которулган.
УКМК курулуш иштери сапатсыз аткарылганын, буга байланыштуу долбоор бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй пайдаланууга берилбегенин кошумчалады. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга каммакка алынган. Учурда буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери улантылууда.

