Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушту (фото)








Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 29-июлда президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык жана кызматташтык мамилелеринин абалын жана келечегин ар тараптуу карап чыгышты.
"Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин жакында болуп өткөн мамлекеттик сапарлар менен алмашууларынын жемиштүү жыйынтыктары талкууланды.
Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты жана өз ара байланыштардын башка аспектилерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин алдыга жылдыруу маселелерине басым жасашты",- деп билдирди администрация.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча да пикир алмашылды.


