super.kg logo

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү «Турик» кармалды

 

УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Турик каймана аты бар жаранды кармады.

Атайын кызмат билдиргендей, ал опузалап акча талап кылууга шектелүүдө.

Шектүү буга чейин (2016-2018-жылдары) Караколдогу №23 мекеменин "смотрящийи" болгон. Ал өзүнүн криминалдык абалынан пайдалануу аркылуу коркутуп, 2024-жылдын августунан ушул күнгө чейин Ж.А.О. аттуу жарандан 200 миң сомдон ашык акча талап кылган.

Тергөөдө Б.А.Т. пара менен кармалбоо үчүн опузалап алынган каражаттарды мобилдик банктык тиркемеге (О! Банк) которууну талап кылгандыгы аныкталды.

Ал 2025-жылдын 25-июлунда опузалап алынган 26 миң сомдун бир бөлүгүн алгандан кийин кармалды.

Шектүү Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: