super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбаны Дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды

 

Кыргыз балбаны Нурислам Өскөнбаев Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымдагандай, ал 80 килограмм салмак чен бирдигинде күч сынашкан. Алгачкы беттешинде италиялык Коан Валентинини 10:0 эсебинде, 1/8 финалдык айлампада америкалык Адан Фернандести 5:1 эсебинде, чейрек финалда венгриялык Доминик Кертешти 4:0 эсебинде жеңип алган.

Ал эми жарым финалда өзбекстандык Абдулазиз Холмирзаевге утулуп калган. Коло үчүн болгон таймашта Нурислам ирандык Таха Жавид Ноурини 3:1 эсебинде артта калтырган.

Муну менен Нурислам кадеттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль уткан алтынчы кыргызстандык болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: