Камчатка жээгинде күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болду (видео)



Бүгүн, 30-июль Орусиянын Петропавловск-Камчатский шаарынан 150 чакырым алыстыкта жер титирөө болду. Анын магнитудасы 8,7ге чейин жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Курилск аралдарынын бардык аймактарында цунами коркунучу сакталууда.
Камчатка жээгинде болгон жер титирөөнүн кесепетинен аймактын тургундарынын арасына жаракат алгандардын абалы канааттандырарлык экендигин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жер титирөөдөн Түндүк-Курильск шаарында бир нече имараттар жабыркаганынын ӨКМ билдирди.
Цунаминин биринчи толкуну Түндүк-Курильск портун жана "Алаида" балык чарбасын каптады. Цунами төрт метрге чейин көтөрүлдү.
Белгиленгендей, Японияда да цунами коркунучу бар экендиги жарыяланып, тургундарга эскертилди.
Камчатка жер титирөө
