Трамп Орусияга Украина менен элдешүүгө 10 күн убакыт берди
АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга Украинадагы жаңжалды токтотууга 10 күн убакыт берди. Анын айтымында, бул мөөнөт "бүгүнтөн тартып" эсептелет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Трамп белгилегендей, Орусиянын президенти Владимир Путин согушту уланткысы келет.
"Андан кийин биз бажы төлөмдөрүн жана башка чараларды киргизебиз… Бул чаралар Орусияга кандай таасир этерин билбейм. Анткени ал (Путин) согушту улантууну ачык каалап жатат",- деди Трамп журналисттерге. Бул сүйлөшүүнү Ак үй өзүнүн YouTube каналы аркылуу түз эфирде көрсөттү.
АКШ президенти ошондой эле Орусияга каршы мүмкүн болгон санкциялардын чийки зат базарына тийгизген таасири аны тынчсыздандырбай турганын кошумчалады.
28-июлда Дональд Трамп Орусия менен Украинанын макулдашууга жетишүү мөөнөтүн 50 күндөн 10 күнгө чейин кыскартты. АКШ президенти Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө жылыш болбой жатканына нааразы экенин билдирип, Орусия менен соода байланышын түзгөн өлкөлөргө санкция салына турганын айтты.
