super.kg logo

Казакстандын президенти Түркиянын мамлекеттик ордени менен сыйланды 

 

Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы - Devlet Nişanı ордени менен сыйланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

"Мен буга чейин ата мекендик же чет өлкөлүк ордендерди жана башка сыйлыктарды кабыл алуудан баш тартып келгем. Бирок бүгүнкү чечимиңиз өзгөчө мааниге ээ. Бул казак-түрк кызматташтыгынын тарыхындагы маанилүү окуя",- деди Токаев.

Мамлекет башчысы түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-барктуу саясатчы, аймактык жана глобалдык туруктуулук менен коопсуздукту чыңдоого чоң салым кошкон тарыхый инсан катары мүнөздөдү.

Devlet Nişanı - Түркиянын эң жогорку мамлекеттик ордени болуп эсептелет. Ал Түркия менен достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн чет өлкөлүк жарандарга ыйгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: