super.kg logo

АКШ менен Кытайдын Швециядагы соода сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды

 

АКШнын каржы министри Скотт Бессент Швециянын борбору Стокгольмдо Кытай менен өткөн соода сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасынын натыйжаларын "өтө конструктивдүү болду" деп мүнөздөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Бессент жана АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грир Кытай делегациясы менен эки күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

Бессент сүйлөшүүлөрдө АКШнын башка өлкөлөр менен түзгөн соода келишимдери тууралуу сөз болгонун айтып, Кытай тарап АКШнын Япония жана Европа менен түзгөн келишимдеринин көлөмүнө жана шарттарына таң калганын билдирди. Ошондой эле ал сүйлөшүүдө АКШ тарап Кытайдын глобалдык деңгээлдеги ашыкча өндүрүш кубаттуулугу, санкция алдындагы Иран мунайын сатып алышы жана Орусияга кош максаттуу технологияларды сатуу боюнча тынчсызданууларын билдиргенин кошумчалады.

АКШ менен Кытай май айында өз ара киргизилген бажы төлөмдөрүн 90 күнгө төмөндөтүү боюнча макулдашууга келген эле. Бул мөөнөт узартылышы мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып, Бессент Кытай тарап тарифтерге убактылуу тыныгуу берүү боюнча макулдашканын, бирок АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшмөйүнчө расмий чечим кабыл алынбастыгын айтты.

Трамп Казына министри Бессент менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана Кытай менен "абдан жакшы" сүйлөшүү болгонун билдирди.

Кытайдын басылмалары жазгандай, АКШ жана Кытай делегациялары сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасында өз ара тарифтерди токтотуу мөөнөтүн узартуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Кытайдын соода министринин орун басары Ли Чэнган да АКШ менен Кытайдын ортосундагы макулдашуу боюнча өз ара бажы төлөмдөрүнө тыныгуу берүү мөөнөтү узартыларын айтты.

Эске салсак, 2025-жылдын 2-апрелинде АКШ президенти Дональд Трамп Кытай жана башка бир катар соода өнөктөштөрүнө кошумча бажы төлөмдөрүн киргизген. Кытай жооп иретинде өз тарабынан тарифтерди жогорулатып, АКШ-Кытай ортосунда тариф "тирешүүсү" башталган.

АКШ Кытайга карата бажы төлөмдөрүн 145 пайызга чейин, ал эми Кытай АКШга карата 125 пайызга чейин көтөргөн.

Жаңжал күчөгөндөн кийин, 10-11-май күндөрү Швейцариянын Женева шаарында АКШ жана Кытай расмийлери сүйлөшүп, тарифтерди 90 күнгө төмөндөтүү чечимин кабыл алышкан. 14-майдан тарта АКШ Кытай товарларына болгон тарифти 145 пайыздан 30 пайызга, ал эми Кытай АКШ товарларына болгон төлөмдү 125 пайыздан 10 пайызга чейин түшүргөн.

Июнь айында эки тарап Лондондо сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрүп, Женевадагы макулдашууну ишке ашыруунун "рамкалык келишими" боюнча бир пикирге келишкенин жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: