Каза болгондор бар. Гватемаланын түштүк-чыгышында жер титирөө катталды
Кечээ, 29-июлда Гватемаланын түштүк-чыгыш тарабында күчү 5,8 жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 15:21де, 5 чакырым тереңдикте болгон",- деп айтылат маалыматта.
Эпицентр Хутиапа шаарынан 21 чакырым, Куилапа шаарынан 52 чакырым, ал эми Халапас шаарынан 61 чакырым алыста, Сальвадор менен чек арага жакын жерде жайгашкан.
Гватемалалык басылмалардын билдиришинче, эпицентрге жакын аймактарда кээ бир имараттар жабыркаган. Ошондой эле 3 адам каза тапкан.
Жер титирөө кошуна Сальвадордо да сезилген. Ал жактагы сейсмологдор анын күчүн 5,9 балл деп баалашты. Сальвадордо курмандыктар же кыйроолор тууралуу расмий маалымат жок.
Бирок кийинчерээк Комапа шаарынын мэри Сесар Васкес билдиргендей, жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 1 адам каза болуп, 20 үй катуу жабыркаган.
