Коркунучтуу кылмышкер абактан жаңылыштык менен коё берилген. Ал кайра изделүүдө
Америка Кошмо Штаттарында 30 жаштагы коркунучтуу кылмышкер Халил Брайан Луизиана штатындагы түзөтүү абагынан жаңылыштык менен бошотулган. Бул тууралуу NBC News билдирди.
Маалым болгондой, 10 адам камактан бошотулган, алардын ичинде фамилиясы окшош башка жаран бошотулган. Натыйжада коркунучтуу кылмышкерди чыгарып салышкан.
Кызматкер элден кечирим сурап, учурда ага издөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Абактын жетекчилиги Брайанды өз ыктыяры менен түрмөгө кайтууга чакырышууда. Шектүү оор кылмыш үчүн жазасын өтөп жаткан. Ал үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөнү үчүн камалган. Мындан тышкары, ага мүлктү уурдоо, баңгизаттарды сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган.
Бул абактагы шарттар өлкөдө эң начар деп эсептелет. Маселен, 2012-жылы Орлеан Париж түрмөсүнө 600дөй жолу шашылыш жардам бригадалары чакырылган. Бейтаптардын жарымынан көбү зордук-зомбулуктун курмандыктары болгон, бул абактагылар дээрлик күн сайын жарадар болуп турат. Түрмө өлкө боюнча эң коркунучтуу болуп эсептелинет. Бул абакка жалаң оор кылмыш кылгандар камалат.
