Индия курамасы CAFA Кубогунда Малайзиянын ордуна оюн талаасына чыгат
Индиянын улуттук футбол курамасы биринчи жолу CAFA Кубогунун мелдешине Малайзиянын ордуна катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, малайзиялык команда турнирге катышуудан баш тарткан.
Индия командасы В тобунда ойнойт, ал жерде анын атаандаштары катары Тажикстан, Ооганстан жана Ирандын улуттук курамалары оюн талаасына чыгышат. Бул турнир индиялыктар үчүн 2027-жылдагы Азия Кубогунун квалификациясынын күзгү оюндарына даярдыгы деп эсептесе болот.
Азырынча Индиянын командасында башкы машыктыруучу жок. Анын аты июль айынын аягына чейин жарыяланат. Талапкерлердин бири Кыргызстандын улуттук курамасын мурда машыктырган словакиялык адис Штефан Таркович экени айтылууда.
Эске салсак, буга чейин Орусия жана Малайзия командалары турнирге катышуудан баш тарткан. Малайзия командасынын башкы машыктыруучу Питер Кламовскинын айтымында, команданын оюнчулары толук эмес болчу.
CAFA Кубогу тарыхта экинчи ирет өтүп жатат. Турнирге жалпы 8 команда катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстан, Иран, Оман жана Индия курамалары кирет. Командалар эки топко бөлүнөт. А тобунун оюндары Өзбекстанда, В тобунун оюндары Тажикстанда өтөт. Топтордун жеңүүчүлөрү финалда беттешип, экинчи орунду алган командалар коло үчүн мелдешет.
