Мэрия лифтти пайдалануудагы коопсуздук эрежелерин эскертти
"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын лифттерге аяр мамиле жасап, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды. Бул тууралуу кечээ, 29-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Лифттердин бузулуусуна алып келген кеңири таралган себептердин бири - лифт токтоп калганда эвакуацияны күтпөй, эшикти өз алдынча ачууга аракет кылып, эшиктерди тарткылаган учурлар. Мындай аракеттер механизмге зыян тийгизип, жабдуунун иштебей калышына алып келет.
Жүргүнчүлөр үчүн лифт - адамдар үчүн гана арналган. Анын жүк көтөрүмдүүлүгү 320дан 540 килограммга чейинки салмакты көтөрүүгө ылайыкталган, болжол менен 3–4 чоң кишиге эсептелген. Курулуш материалдарын, эмеректерди жана башка оор жүктөрдү ташууга тыюу салынат. Бул эрежени бузгандарга административдик жоопкерчиликтер каралган.
12 жашка чейинки балдар лифтти чоңдордун коштоосунда гана пайдаланууга тийиш. Лифтке үй жаныбарлары менен түшкөн учурда, байлап же болбосо, атайын ташуу үчүн арналган кутуда (переноска) алып жүрүү керек.
Өрт, жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдарда лифтти колдонууга тыюу салынат.
"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы лифтке таштанды таштабастан, таза кармап, маалымат баракчаларын чаптабоону өтүнөт. Бардык жабдууларга аяр мамиле жасап, коопсуздук эрежелерин сактаңыздар. Бул талаптар тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана лифттердин үзгүлтүксүз, узак убакытка иштеши үчүн маанилүү",- деп айтылат маалыматта.
