YouTube АКШда колдонуучунун жашын аныктоо үчүн жасалма интеллект колдонот
АКШнын видеохостинг платформасы YouTube жакынкы жумаларда жаш куракты аныктоочу жасалма интеллект (ЖИ) системин АКШдагы колдонуучулар арасында тесттик негизде ишке киргизет. Бул технология өспүрүмдөрдү кошумча коргоо чаралары менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу YouTube Youth бөлүмүнүн продукт башкаруу директору Жеймс Безер платформанын расмий блогунда билдирүү жасады.
"Жакынкы жумаларда биз машиналык окутуу технологиясын АКШдагы чакан колдонуучу топ арасында сыноодон өткөрө баштайбыз. Бул систем өспүрүмдөрдү өспүрүм катары, чоңдорду чоң катары таанууга жардам берет. Кеңири колдонууга киргизер алдында системдин ишин жакшылап көзөмөлдөйбүз",- деди ал.
Безердин айтымында, жаңы систем колдонуучунун эсепке киргизилген туулган датасына карабастан, реалдуу жүрүм-турумуна жараша жашын аныктап, ошого ылайык контент жана коопсуздук чараларын сунуштайт.
"Биз бул ыкманы башка өлкөлөрдө да колдонуп көргөнбүз жана жакшы жыйынтыктарды берди. Эми аны АКШда киргизип жатабыз жана андан ары башка рынокторго да жайылтабыз. Колдонуучулардын тажрыйбасын кылдат байкап, контент жаратуучулар менен иштешебиз",- деп кошумчалады ал.
Жасалма интеллект төмөнкүдөй белгилерди эске алат:
- колдонуучу кандай видеолорду издеп жатат,;
- кайсы категорияларды көрүп жатат;
- аккаунт качан түзүлгөн.
Эгер колдонуучу өспүрүм катары таанылса, ага жараша жаш курактык чектөөлөр жана коргоо чаралары автоматтык түрдө иштетилет.
Эгер систем колдонуучуну тескерисинче - жашы жете элек деп ката таанып калса, анда ал өзүнүн жашын банктын картасы же жеке документ аркылуу ырастай алат. 18 жаштан жогору экенин ырастагандар гана жаш курактык чектөөлөрү бар видеолорду көрө алышат.
