Бир жаштагы бала келемиштин уусу кошулган эгинди жеп алган

Орусиянын Москва облусунда бир жаштагы бала келемиштин уусун жутуп алган. Бала бактыга жараша аман калган. Маалыматты облустук Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Окуя дачада болгон. Уулуу зат эгин менен кошо жерге чачылган. Бала ашып калган эгинди апасы алаксып турганда столдун астына жөрмөлөп барып жеген. Апасы дароо "Тез жардам" чакырган.
Бала жакынкы медициналык мекемеге жеткирилип, андан соң санитардык авиация тик учагы менен Рошаль атындагы балдардын клиникалык борборуна алынып барган.
Медициналык жардамга ыкчам кайрылуунун аркасында балага тез арада керектүү жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерге кийинчерээк кайрылышканда, дарыгерлер ички органдардын жабыркашы менен күрөшүүгө туура келмек.
Учурда кичинекей бейтаптын ден соолугунда коркунуч жок.
