Орусия: АКШ менен Улуу Британия Зеленскийди алмаштырууну талкуулаган
АКШ жана Улуу Британиянын өкүлдөрү Украинанын президенти Владимир Зеленскийди алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган жашыруун жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Орусиянын Сырткы чалгын кызматы билдиргенин орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, бул жыйынга Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов жана мурдагы куралдуу күчтөрдүн башкы командири, учурда Лондондогу украин элчиси Валерий Залужный катышкан.
Мекеменин маалыматы боюнча, АКШ менен Британия өкүлдөрү Залужныйды Украина президентинин ордуна коюу чечимин билдиришкен, ал эми Ермак менен Буданов бул чечимди толук колдоого алышкан.
Буга чейин Украинанын президентинин алмашуусу бир нече жолу талкууланган. Январь айында Орусиянын президенти Владимир Путин Владимир Зеленский мыйзамдуу президент эмес экенин айтып, ал эч кандай келишимге кол коё албайт деп билдирген.
Украинанын президентинин мандаты расмий түрдө 2024-жылдын май айында аяктаган. Бирок Украинада аскердик абал күчүндө болгондуктан, өлкөдө шайлоолорду өткөрүү тыюу салынган.
